КАРИМОВ Ислам Абдуга­ниевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРИМОВ Ислам Абдуга­ниевич (30. 1. 1938-жылы туулган, Өзбекстан, Самар­канд шаары -- 2. 09. 2016 Ташкент) –

Өзбекстан мамлекеттик ж-а саясий ишме­ри; Өзбекстан президенти, Өзбекстан ИА акаде­миги (1994), Өзбекстан Эл баатыры (1994). О. Азия по­литехника институтун (1960), Ташкент айыл чарба институтун (1967) бүткөн. 1960–61-жылдарда «Таш­кент айыл чарба машинала­ры» заводунда мастердин жар­дамчысы, улук мастер, тех­нолог, 1961–66-жылдарда Чкалов атындагы Ташкент авиация өн­дүрүштүк бирикмесинде ин­женер, жетектөөчү инженер, конструктор, 1966–83-жылдарда Өзбекстан Мамлекеттик план­доо комитетинин башкы адиси, бөлүм башчысы, төра­ганын 1-орун басары, 1983–86-жылдарда Өзбекстан фи­нансы министри, 1986-жылы Министрлер Совети­нин төрагасынын орун басары, Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасы. 1986–89-жылдарда Өзбекстан КП Кашка-Дарыя обкомунун 1-секретары, 1989–91-жылдарда Өзбекстан КП БКнын 1-секретары, 1990- жылдан Өзбекстан Президенти ж-а Министрлер кабинетинин төрагасы. 1995-жылы 25-мартта Бүт­күл элдик референдумдун чечими м-н Каримовдун президенттик ыйгарым укугу 2000-жылга чейин узартылган. 2000-, 2007-жылдарда Бүткүл элдик шай­лоодо Каримов Өзбекстан Республикасынын Президенти болуп кайрадан шайланган. 2002-жылы референдумдун не­гизинде президенттик ыйгарым укук 5 жыл­дан 7 жылга чейин узартылган. Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу, Амир Темир ордендери м-н сый­ланган.