КАРИЕС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́РИЕС (лат. сaries – чирүү), т и ш т и н ч и­р и ш и – сөөк же тиш ткандарынын бузулушу.
К. сөөктү же сөөк челин чирүүгө дуушар кылуу­чу дистрофиялык же инфекциялык процесстер­ден пайда болот да, көбүнчө тиште учурайт. Тиштин катуу ткандары (эмаль, дентин, цемент) бузулуп, көңдөй пайда болот. К. негизинен тиш­тин, ооз көңдөйүн таза сактабаганда, тиш ара­сына тамак-аш калдыктары тыгылып калган жерде да пайда болот. Ооздо тамак-аштын ажы­роосунан пайда болгон к-талар тиштин мине­ралдык бөлүгүн эритет, аны андан ары микроб­дор бузат. К. тиштин эмалы кетилүү м-н башта­лат да, андан дентинге өтөт. Бара-бара процесс күчөп, К. көңдөйү улам тереңдеп, тиш пульпа­сына жетип, оору пайда болот. Тиш эмалы жал­тырабай, тунук болбой, бодурала болуп калат. Тиш таттуу, кычкыл, туздуу, ысык ж-а муздак тамак ичкенде ооруйт. Тиш К-и көбүнчө өнөкөт оору. Катуу кармаганы жаш балада жолугуп, ички секрециясынын бузулушуна байланыштуу. К. болгон тишке өз убагында пломба коюу ке­рек. Тиштин К-ке туруктуулугун жогорулатуу үчүн керектүү туздар (айрыкча Са, Р туздары), Д витамини жетиштүү болууга тийиш.