КАЛОРИМЕТРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:15, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛОРИМЕ́ТРИЯ – физикалык, химиялык ж-а биологиялык про­цессте бөлүнүп чыгуучу же сиңирилүүчү жылуу­луктун санын өлчөө ыкмаларынын жыйынды­сы. «Калориметрия» терминин 1780-жылы франциялык химиктер А. Ла­вуазье ж-а П. Лаплас сунуш кылган. Телого (сис­темага) берилген же андан алынган жылуулук­тун саны Q температурага (Т) ж-а анын массасына (m) пропорциялаш. Q=Cmll T=W ll T. Мында С – салыштырмалуу жылуулук сыйымдуулугу; W – калориметрдин жылуулугунун мааниси. Калориметриялык тажрыйбада негизги өлчөнүүчү чоңдук – llТ. Калориметриянын кайсы түрү болбосун температураны ченей тур­ган аспаптар электр ысыткычтар м-н жабдылган ж-а курчап турган чөйрө м-н жылуулук алма­шуусун жөндөө үчүн кап м-н капталган. Жы­луулук алмашуунун мүнөзү боюнча калориметрлер­ди термиялык, адиабаталык ж-а жылуулук өт­көргүчтүк деп айырмалайт. Калориянын маалы­маттары заттардын термодинамикалык касиеттерин, химиялык тең салмактуулукту эсептөөдө, технологиялык процесс­тердин жылуулук теңдемесин түзүүдө ж. б. кол­донулат. Процесстерди изилдөөнүн мөөнөтү секун­ддун үлүшүнөн ондогон суткага чейин созулат.