КАЛОРИМЕТРИЯ
КАЛОРИМЕ́ТРИЯ – физикалык, химиялык ж-а биологиялык процессте бөлүнүп чыгуучу же сиңирилүүчү жылуулуктун санын өлчөө ыкмаларынын жыйындысы. «Калориметрия» терминин 1780-жылы франциялык химиктер А. Лавуазье ж-а П. Лаплас сунуш кылган. Телого (системага) берилген же андан алынган жылуулуктун саны Q температурага (Т) ж-а анын массасына (m) пропорциялаш. Q=Cmᐃ T=W ᐃ T. Мында С – салыштырмалуу жылуулук сыйымдуулугу; W – калориметрдин жылуулугунун мааниси. Калориметриялык тажрыйбада негизги өлчөнүүчү чоңдук – ᐃТ. Калориметриянын кайсы түрү болбосун температураны ченей турган аспаптар электр ысыткычтар м-н жабдылган ж-а курчап турган чөйрө м-н жылуулук алмашуусун жөндөө үчүн кап м-н капталган. Жылуулук алмашуунун мүнөзү боюнча калориметрлерди термиялык, адиабаталык ж-а жылуулук өткөргүчтүк деп айырмалайт. Калориянын маалыматтары заттардын термодинамикалык касиеттерин, химиялык тең салмактуулукту эсептөөдө, технологиялык процесстердин жылуулук теңдемесин түзүүдө ж. б. колдонулат. Процесстерди изилдөөнүн мөөнөтү секунддун үлүшүнөн ондогон суткага чейин созулат.