КАЛКАНБАЕВА Чолпон
КАЛКАНБАЕВА Чолпон (24. 2. 1958-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Көк-Жар айылы) – медицина илимдеринин доктору (2003), профессор (2009). КММИни бүтүргөн (1981). Чүй облусундагы Токмок шаарынын төрөт үйүндө врач-интерн (1981–82), Кемин районундагы Боролдой участкалык ооруканада гинеколог (1982–84), Фрунзе шаарындагы № 4 клиникалык төрөт үйүндө акушер-гинеколог (1984–87), КММИде ассистент, доцент (1987– 2000), 2001-жылдан КММАда доцент, 2003-жылдан профессор. Саламаттык сактоонун отличниги (2002). Илимий багыты – климакс ж-а йод жетишсиз абал, кош бойлуулук ж-а остеопороз ж. б. 80ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монография, 3 окуу куралы бар.
Эмг.: Особенности становления и реализации репродуктивной функции у женшин с эндемическим зобом. Б., 2002; Этиопатогенез, клиника, диагностика, лечение. Б., 2009;