КАР КӨЧКҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАР КӨЧКҮ – тоонун тик капталдарынан жыл­мышып ылдый кулаган кар массасы. Кар көп жыйналып, оордугу артышынан, темп-ранын өзгөрүшүнөн, жаан-чачындан, шамалдан ж. б. сырткы күчтөрдүн таасиринен пайда болот. Көчкүнүн жүрүшүнүн ылдамдыгы орто эсеп м-н 20–30 м/с. Көчкү жолундагыларды (таш, кум, өсүмдүктөр ж. б.) бүт «шыпырып» кетет.