КАР КӨЧКҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАР КӨЧКҮ – тоонун тик капталдарынан жыл­мышып ылдый кулаган кар массасы. Кар көп жыйналып, оордугу артышынан, температуранын өзгөрүшүнөн, жаан-чачындан, шамалдан ж. б. сырткы күчтөрдүн таасиринен пайда болот. Көчкүнүн жүрүшүнүн ылдамдыгы орто эсеп м-н 20–30 м/с. Көчкү жолундагыларды (таш, кум, өсүмдүктөр ж. б.) бүт «шыпырып» кетет.