КАРГЫШ ЫРЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:58, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРГЫШ ЫРЛАРЫ – оозеки чыгармачылыктагы каа­да-салт ырларынын түрү. Кыргыз фольклорун­да каргыш ырлары көркөмдүк түзүлүшү, мааниси, кеңири масштабда өнүккөндүгү менен салттуу поэзиянын бир бөлүгү катары кабылданган. Мындай ыр­лар адамдын күнүмдүк жашоосунда турмуштук бир кырдаалдан (жек көрүү, өч алуу, ич күйүү, ардануу) улам келип чыккан. Адатта каргыш ырлары ал­гач кара сөз түрүндө айтылып, кээде ар кандай магиялык күчтөр, көз боёмочулук менен тыгыз бай­ланышта болгон (мисалы: байыркы грек мифте­ринде, шамандардын ырым-жырымдарында).