КАРАТАЕВ Мадаминжан

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАТАЕВ Мадаминжан Мусаевич (12. 8. 1962- ж. т., Ош обл., Араван р-ну, Тепе-Коргон айы­лы) – медицина илимд. доктору (2001), проф. (2002). КРдин илимине эмг. сиң. ишмер (2009). КММИни (1986), ошол эле ин-тта аспирантура­ны бүтүргөн. КРдин Саламаттык сактоо ми­нистрлигинде жетектөөчү адис (1988–93), Чүй обл-тук саламаттык сактоо борборунун дирек­тору, «Манас» улуттук программа долбоорунда эксперт (1988–95), КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин Координация ж-а реформалоо башкы башкармалыгынын координатору ж-а башчысынын 1-орун басары (1995–2000), Кыр­гыз мамл. мед. кайра даярдоо ж-а адистикти жогорулатуу ин-тунда проректор (2000). 2005– 10-ж. КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары, 2010-жылдан КММАда проф. Мед. статистика ж-а саламаттык сактоо экономика­сы б-ча адис. 140тан ашык ил. эмгеги, а. и. 5 монография, 20 окуу-методикалык куралы бар.


Эмг.: Финансирование здравоохранение Кыргыз­стана в условиях перехода к рыночной экономике (в соавторстве). Б., 2000; Методология организации профилактической работы среди женщин репродук­тивного возраста (в соавторстве). Б., 2001.