КАРАТАЕВ Мадаминжан
КАРАТАЕВ Мадаминжан Мусаевич (12. 8. 1962-жылы туулган, Ош облусу, Араван району, Тепе-Коргон айылы) – медицина илимдеринин доктору (2001), профессор (2002). КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер (2009). КММИни (1986), ошол эле институтта аспирантураны бүтүргөн. КРдин саламаттык сактоо министрлигинде жетектөөчү адис (1988–93), Чүй облустук саламаттык сактоо борборунун директору, «Манас» улуттук программа долбоорунда эксперт (1988–95), КРдин саламаттык сактоо министрлигинин координация ж-а реформалоо башкы башкармалыгынын координатору ж-а башчысынын 1-орун басары (1995–2000), Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо ж-а адистикти жогорулатуу институтунда проректор (2000). 2005–10-жылдарда КРдин саламаттык сактоо министринин орун басары, 2010-жылдан КММАда профессор. Медициналык статистика ж-а саламаттык сактоо экономикасы боюнча адис. 140тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 5 монография, 20 окуу-методикалык куралы бар.
Эмг.: Финансирование здравоохранение Кыргызстана в условиях перехода к рыночной экономике (в соавторстве). Б., 2000; Методология организации профилактической работы среди женщин репродуктивного возраста (в соавторстве). Б., 2001.