КАРАМА-КАРШЫЛЫКСЫЗДЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАМА-КАРШЫЛЫКСЫЗДЫК – сыйышуучу­лук, карама-каршылыктын жоктугу – ырастоо­нун, ой жүгүртүүнүн жыйындысынын (теория) логикалык тактыгынын (тууралыгынын) кри­терийи. Эсептөөдөгү К.-к. аны түшүндүрүүнүн ло­гикалык мүмкүндүгүн билдирет ж-а ишке ашы­руунун зарыл шарты болуп саналат. К.-к. – кол­донууга жарактуу ил. теорияга ж-а анын жобо­лоруна коюлуучу башкы талап.