КАРАМА-КАРШЫЛЫКСЫЗДЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАМА-КАРШЫЛЫКСЫЗДЫК – сыйышуучу­лук, карама-каршылыктын жоктугу – ырастоо­нун, ой жүгүртүүнүн жыйындысынын (теория) логикалык тактыгынын (тууралыгынын) кри­терийи. Эсептөөдөгү карама-каршылыксыздык аны түшүндүрүүнүн ло­гикалык мүмкүндүгүн билдирет ж-а ишке ашы­руунун зарыл шарты болуп саналат. Карама-каршылыксыздык – кол­донууга жарактуу илимий теорияга ж-а анын жобо­лоруна коюлуучу башкы талап.