КАРАМА-КАРШЫЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАМА-КАРШЫЛЫК (формалдык логика­да) – бири экинчисин жокко чыгаруучу кош пи­кирдин болушу (ой-жүгүртүүдө, текстте, теория­да). К.-к. аны пайда кылган ой жүгүртүүнүн логикалык каталыгын же ошол ой жүгүртүүгө таяныч болгон негиздердин сыйышпастыгын көрсөтөт. Мындай жагдай К.-к-ка алып келүү аркылуу төгүндөөдө ж-а кыйыр далилдерде көп пайдаланылат.