КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ (дарылык касиети бар суу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарыла­нууга ж-а ичүүгө жарамдуу муздак суу булагы. Нарын обл-нун Ат-Башы р-нунда, Казыбек кыш-нан 65–70 км түш.-батышта. Какшаал кырка тоосунун түн. этегинде, Арпа ж-а Кара­кол (чыгыш) сууларынын кошулган жеринде. Деңиз деңг. 3200 м бийикте. Суу жерг. элге ил­гертен белгилүү. 1932-ж. геол. маалымат берил­ген. Кен аймагын палеозой м-н мезозойдо пай­да болгон кумдук, чопо, сланец, акиташ текте­ри түзөт. Минералдуу булак юранын карбонат­туу кумдук, акиташ тектериндеги тектон. жа­ракадан агып чыгат. Суу тунук, көмүр кычкыл газдуу, бир аз туз даамданат. Темир гидроокси­ди басымдуу болгондуктан, булак агып чыккан жердеги тектерде саргыч күрөң дат кездешет. Темп-расы 6°С. Курамы гидрокарбонат-сульфат­кальций-магнийлүү. Дебити 5 л/сек.