КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ (дарылык касиети бар суу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарыла­нууга ж-а ичүүгө жарамдуу муздак суу булагы. Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Казыбек кыштагынан 65–70 км түштүк-батышта. Какшаал кырка тоосунун түндүк этегинде, Арпа ж-а Кара­кол (чыгыш) сууларынын кошулган жеринде. Деңиз деңгээлинен 3200 м бийикте. Суу жергиликтүү элге ил­гертен белгилүү. 1932-жылы геологиялык маалымат берил­ген. Кен аймагын палеозой м-н мезозойдо пай­да болгон кумдук, чопо, сланец, акиташ текте­ри түзөт. Минералдуу булак юранын карбонат­туу кумдук, акиташ тектериндеги тектоникалык жа­ракадан агып чыгат. Суу тунук, көмүр кычкыл газдуу, бир аз туз даамданат. Темир гидроокси­ди басымдуу болгондуктан, булак агып чыккан жердеги тектерде саргыч күрөң дат кездешет. Температурасы 6°С. Курамы гидрокарбонат-сульфат­кальций-магнийлүү. Дебити 5 л/сек.