КИРШЁЛК кыштагы
КИРШЁЛК – Чүй обл-нун Ысык-Ата р-нундагы кыштак. Люксембург айыл округуна караштуу. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун, Бишкек – Балыкчы т. ж-нун боюнда, деңиз деңг. 735 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кант ш-нан 5 км батыш тарапта. Кыштактын түн. тарабынан Чоң Чүй каналы өтөт. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 2386 (2008); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, мад-т үйү ж. б. бар. Үй-бүлөлүк врачтар тобу, соода түйүндөрү иштейт.