КИРПИЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:27, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИРПИ́Ч , к ы ш – минералдык материалдан бышырылып, буу менен иштетилип даярдалган бекем, сууга жана суукка туруктуу, туура (парал­лелепипед) формадагы эң байыркы курулуш ма­териалы. Алгач кирпич ылайга саман кошулуп, ка­лып менен куюлуп, кургагандан кийин бышырыл­бай эле пайдаланылган. Бул ыкмада даярдал­ган кирпич азыркы мезгилге чейин пайдаланылып келүүдө. Биздин заманга чейинки 3–2-миң жылдыктарда бышы­рылган кирпич Египетте, Байыркы Римде колдону­ла баштаган. Пайдалануу түрүнө жана даярдоо ыкмасына жараша силикат кирпич жана бышырыл­ган чопо кирпич болуп бөлүнөт. Силикат кирпич акиташ, кум, цемент кошулуп, жогорку басымда жана температурада даярдалат. Бышырылган чопо кирпич ка­димки жана көркөм болуп ажыратылат. Кадим­ки кирпич дубал материалы катары пайдаланылат. Кирпичтин сырткы өлчөмү: 250x125x65 мм жана 250x120x88 мм. Бекемдик чеги боюнча К. 75, 100, 125, 150, 200, 250 жана 300 маркалуу болуп ажы­ратылат. Кирпич оңой эрүүчү таза чоподон жана кум­дуу чоподон же кум, жыгач таарындылары, күл аралаштырылып даярдалат. Кирпичти даярдоодо чопо ташы терилип, жуурулуп, формага келти­рип, кесилгенден кийин атайын меште 900– 950°С температурада бышырылып, кургаткычта кур­гатылат. Бул процесс механикалаштырылган ири ишканада жүрөт.