КАРАКАШ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКАШ КӨРҮСТӨНҮ – биздин заманга чейинки VI–V кылымдардагы көчмөн сак урууларынан калган мүрзөлөр. Ток­тогул райоундагы Кызыл-Туу айылынын жанында жайгашкан. 10дон ашуун дөбө-мүрзөдөн турат. Мүрзөлөрдү казганда чопо идиштер, кийимге ка­далуучу алтын каңылтырлар жана башкалар табылган.
Мүрзөлөрдүн бийиктиги 4–6 м, диаметри 35–45 мге жеткен. Айрымдарынын үстүндөгү дөбө үчүн 2000 м3 топурак, 1000 м3 таш, 6–7 м3 арча жум­шалган.