КИЙИЗ
КИЙИЗ – жүндөн тыгыздалып басып жасалган тиричилик материалы. Анын көп түрү бар. Жүндөн басылган К-ден башка да битум сиңирилип, минерал кебезден жасалган минерал К. ж-а хим. буладан иштелген К-дер даярдалат. Ал тех., тиричилик ж-а курулуш К-и болуп айырмаланат. Тех. К. кылчык, чала кылчык ж-а уяң жүндөн 0,09дан 0,45 г/см3 тыгыздыкта
тасма, пластина ж-а даяр тетик түрүндө жасап
чыгарылат да, автомобилде, трактордо, комбайнда ж-а самолётто сальник, ызгыт, амортизатор ж-а билик ж. б. катары пайдаланылат. Тиричилик К-и бут кийим, ат жабдыктары ж. б.
үчүн керектелет. Курулуш К-и үйдүн дубалдарынын, жыгач устундарынын, терезе ж-а каалга жыгачтарынын, кураштырма үйдүн щиттеринин биригишкен жерлерин жылуулап, тыгыздоо үчүн ж-а үн, жылуулук өткөрбөс материал катары колдонулат. Коёндун, эчкинин жүнүнөн даярдалган К. абдан жумшак келип, андан калпак, беретка ж. б. кийимдер жасалат.
Кыргыздарда К. күзгү жүндөн (кээде жазгы жүндөн да аралаштырып) ар кандай калыңдыкта, чоңдукта басылып жасалган. Ал боз үйдүн тутуусуна (үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик тыш), токулгага (тердик, ичмек, ком, чом, желдик), кийимге (кементай, калпак, кийиз өтүк, кийиз байпак, чокой, доолдай, белдемчи), төшөнчүгө ж-а ар түрдүү буюмдар [ала кийиз (к. Алагийиз), шырдак, аяк кап, табак кап, текче, күзгү кап, самын кап, уук учтук, сал аяк (баштык-үзөңгү), үртүк, кийиз кап, К. куржун, баштык ж. б.] жасоого жумшалган. К-ди аялдар жасашкан. К. басууну ойлоп чыгаруу кой
өстүрүүгө, көчмөн турмушка байланыштуу боз
үйдүн чыгышына өбөлгө болгон. К. жасоо үчүн жүн үлпүлдөтө сабалып, даакылары тытылып, жайылган чийдин бетине текшилеп салынып, ысык суу себеленип уютулган. Уютулган жүн
чийи м-н оролуп, сыртынан бир же эки жерине
бакан кошо таңылып бекем чырмалгандан кийин бир нече киши тоголотуп тепкилейт. Андан кийин бир нече аял тизелеп катар отуруп алып, бир четинен улам тугуруктап билектеп басат. Анда да аз-аздан ысык суу текши себилип турат. Боз үйдүн тутуусуна жумшалуучу
өрө К-дер, ала кийиз ж. б. кургатылгандан кийин дагы бир жолу чийге оролуп туруп, кайнак суу себилип кайрадан басылат (бышырылат). Мындай К. бышык болот ж-а түлөбөйт. Азыр К. фабрикада өндүрүштүк ыкма м-н даярдалат.
Ад.: Особенности материальной культуры и прикладного искусства южных киргизов. Ф., 1962; Антипина К. И. Боз үй – кыргыз элинин маданиятынын
баалуу эстелиги. Ф., 1970.