КИЙИЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Кийизден жасалган буюмдар

КИЙИЗ – жүндөн тыгыздалып басып жасалган тиричилик материалы. Анын көп түрү бар. Жүндөн басылган кийизден башка да битум сиңи­рилип, минерал кебезден жасалган минерал кийиз жана химиялык буладан иштелген кийиздер даярдалат. Ал техникалык, тиричилик жана курулуш кийизи болуп айырмаланат. Техникалык кийиз кылчык, чала кылчык жана уяң жүндөн 0,09дан 0,45 г/см3 тыгыздыкта тасма, пластина жана даяр тетик түрүндө жасап чыгарылат да, автомобилде, трактордо, комбайн­да жана учакта майлоочу, ызгыт, амортизатор жана билик жана башкалар катары пайдаланылат. Тири­чилик кийизи бут кийим, ат жабдыктары жана башкалар үчүн керектелет. Курулуш кийизи үйдүн дубалда­рынын, жыгач устундарынын, терезе жана каал­га жыгачтарынын, кураштырма үйдүн щитте­ринин биригишкен жерлерин жылуулап, тыгыз­доо үчүн жана үн, жылуулук өткөрбөс материал катары колдонулат. Коёндун, эчкинин жүнүнөн даярдалган кийиз абдан жумшак келип, андан кал­пак, беретка жана башка кийимдер жасалат.
Кыргыздарда кийиз күзгү жүндөн (кээде жазгы жүндөн да аралаштырып) ар кандай калыңдык­та, чоңдукта басылып жасалган. Ал боз үйдүн тутуусуна (үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик тыш), токулгага (тердик, ичмек, ком, чом, жел­дик), кийимге (кементай, калпак, кийиз өтүк, кийиз байпак, чокой, доолдай, белдемчи), тө­шөнчүгө жана ар түрдүү буюмдар [ала кийиз (к. Алагийиз), шырдак, аяк кап, табак кап, текче, күзгү кап, самын кап, уук учтук, сал аяк (баштык-үзөңгү), үртүк, кийиз кап, кийиз куржун, баштык жана башкалар] жасоого жумшалган. Кийизди аял­дар жасашкан. Кийиз басууну ойлоп чыгаруу кой өстүрүүгө, көчмөн турмушка байланыштуу боз үйдүн чыгышына өбөлгө болгон. Кийиз жасоо үчүн жүн үлпүлдөтө сабалып, даакылары тытылып, жайылган чийдин бетине текшилеп салынып, ысык суу себеленип уютулган. Уютулган жүн чийи менен оролуп, сыртынан бир же эки жерине бакан кошо таңылып бекем чырмалгандан ки­йин бир нече киши тоголотуп тепкилейт. Ан­дан кийин бир нече аял тизелеп катар отуруп алып, бир четинен улам тугуруктап билектеп басат. Анда да аз-аздан ысык суу текши себи­лип турат. Боз үйдүн тутуусуна жумшалуучу өрө кийиздер, ала кийиз жана башкалар кургатылгандан ки­йин дагы бир жолу чийге оролуп туруп, кайнак суу себилип кайрадан басылат (бышырылат). Мындай кийиз бышык болот жана түлөбөйт. Азыр кийиз фабрикада өндүрүштүк ыкма менен даярдалат.

Ала кийиз
Кийиз жасоо ыкмасы


Ад.: Особенности материальной культуры и при­кладного искусства южных киргизов. Ф., 1962; Ан­типина К. И. Боз үй – кыргыз элинин маданиятынын баалуу эстелиги. Ф., 1970.