КАРА-ТАЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТАЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Ош обл-нун Кара-Суу р-нунда, Ош ш-нан 20 км чыгыш та­рапта, Талдык суусунун боюнда, деңиз деңг. 1310–1400 м бийикте. 1967–69-ж. Түш. Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң тектер түзөт. Кен аллювий чөгүндүсүнөн пайда болуп, андагы кум-шагыл катмары 3,5 кмге созулуп жатат. Шагыл жакшы жумуруланып, жылмаланган. Кенде ири койташтар 3,7%, шагыл 73,4%, кум 22,9%. Кумдун арасында 12– 13%ке чейин чаң м-н чопо бар. Кендин запасы 7823 миң м3. Кумду жууп, чоподон арылткан­дан кийин бетонго кошсо болот. Шагылды Ош ш-ндагы курулуш мекемелери пайдаланууда.