КАРА-ТАЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТАЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарынан 20 км чыгыш та­рапта, Талдык суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1310–1400 м бийикте. 1967–69-жылдарда Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң тектер түзөт. Кен аллювий чөгүндүсүнөн пайда болуп, андагы кум-шагыл катмары 3,5 кмге созулуп жатат. Шагыл жакшы жумуруланып, жылмаланган. Кенде ири койташтар 3,7%, шагыл 73,4%, кум 22,9%. Кумдун арасында 12– 13%ке чейин чаң м-н чопо бар. Кендин запасы 7823 миң м3. Кумду жууп, чоподон арылткан­дан кийин бетонго кошсо болот. Шагылды Ош шаарындагы курулуш мекемелери пайдаланууда.