КАРА-СУУ ТҮЗДҮГҮ
КАРА-СУУ ТҮЗДҮГҮ , О ш – К а р а - С у у
т ү з д ү г ү Фергана ойдуңунун чыгышында.
Чыгышынан Отуз-Адыр, батышынан Анжиян, түштүгүнөн Лаглан, Ноокат адырлары м-н
чектешет. Кара-Суу р-нунун аймагында. Уз. 70–
80 км, жазылыгы 40–50 км. Деңиз деңг. орт.
бийикт. 1013 м. Түздүктөн Ош, Чилмайрам тоолору көтөрүлүп жатат. Түндүккө карай жантайыңкы. Жери түз, майда дөңсөөлөр кездешет. Төртүнчүлүк мезгилинин кум-чополуу тектери ж-а лёсс (калыңдыгы 25 мге чейин) м-н капталып, боз топурактуу. Жайы ысык (июлдун орт.
темп-расы 24–25°С), кышы жылуу (январдыкы
–3... –4°С). Жылдык жаан-чачыны 250–360 мм.
Түздүк аркылуу Ак-Буура, Шааркан-Сай суулары агат. Жарым чөл, кургак талаа ж-а талаа ландшафты басымдуу. Пахта, тамеки, рапс, тоют өсүмдүктөрү, жашылча-жемиш өстүрүлөт. Түздүктө Ош, Кара-Суу ш. ж-а бир нече кыштак жайгашкан.