КАРА-СУУ (Алай районундагы кыштак)
КАРА-СУУ – Ош обл-нун Алай р-нундагы кыштак. Будалык айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1870 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыш-нан 18 км чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 101 км. Кыштак 1938-ж. негизделген. Калкы 1001 (2010); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.