КАРА-СУУ (Алай районундагы кыш­так)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ – Ош облусунун Алай районундагы кыш­так. Будалык айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1870 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Гүлчө кыштагынан 18 км чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 101 км. Кыштак 1938-жылы негиз­делген. Калкы 749 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.