КАРА-СУУ (Нарындын оң куймасы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ – Аксы р-нунун аймагы аркылуу аккан суу, Нарындын оң куймасы. Уз. 85 км, алабынын аянты 2800 км2. Чаткал кырка тоосу­нун түн.-чыгыш капталынан башталып, жогор­ку бөлүгүндө кууш ж-а терең капчыгай, ортоң­ку ж-а төмөнкү бөлүктөрүндө кенен ж-а токой­луу өрөөн м-н агат. Өрөөнүндө шилендилер, ша­гыл таштар ж-а мореналар кезигет. Алабында көлдөр бар. Жылдык орт. чыгымы 41,2 м3/сек. Эң көп чыгымы май айында, азы январда бай­калат. Ири куймалары: Кожо-Ата, Авлетим, Турдук, Ак-Жол. Сугатка пайдаланылат. Ала­бынан Сары-Челек көлү ж-а коругу орун алган. Жээгинде Ак-Жол, Кара-Суу, Тегене кыш. жай­гашкан.