КАРА-САЗ (Нарындын оң куймасы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-САЗ – Кичи Нарындын оң куймасы. На­рын р-ну аркылуу аккан суу. Уз. 45 км, алабы­нын аянты 425 км2. Капка-Таш тоосунун түн. капталынан башталып, Кара-Каман ж-а Кап­ка-Таш тоолорунун аралыгындагы түзөң, саз­дуу өрөөн аркылуу агат. Башталышында Бел- Тепши, ортоңку агымында Чардак-Суу ж-а Таш- Кечүү деп аталат. Ири куймалары: Корумду-Суу,


Кара-Булак, Ичке-Булак, Бел-Булак. Жылдык орт. чыгымы 2,5–3,7 м3/сек. Эң көбү июль– августта, азы январь–февралда байкалат. Ап­рель–сентябрда кирип, октябрь–мартта тар­тылат.