КАРА-ОЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ОЙ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Талас р-нунда, Кара-Ой кыш-нын жанында, Чоң Чычкан ж-а Үч-Кошой суулары кошулган жерден 1,5 км түш­түктө жайгашкан. 1981–82-ж. Түн. Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын ант­ропоген мезгилинде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Кум-шагыл Үч-Кошой суусун бойлой жай­гашып, кашаттуу тектирден турат. Уз. 1760 м, жазылыгы 100 м аянтты ээлейт. Шагыл жак­шы жумуруланган. Гранулометрлик курамы: 500–70 мм – 49,02%, 70–5 мм – 31,53%, 5 ммден майдасы – 19,45%. Шагылды майдалагандан кийин «300», «400» маркасындагы бетонго, ку­мун жолго пайдаланса болот. Кендин запасы: А категориясы б-ча 576 миң м3, В – 504 миң м3, 3 3 С1– 2844 миң м , А+В+С1 – 3924 миң м , С2 – 1536 миң м3.