КАРА-ОЙ (Чүй районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:22, 18 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ОЙ – Чүй районундагы кыштак. С. Ибраи­мов атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1100 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Токмок шаарынан 23 км түштүк та­рапта. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 1025 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. ФАП иштейт.