КАРА-МОЙНОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-МОЙНОК – Нарын обл-нун Кочкор р-нун­дагы кыштак. Кара-Суу айыл округуна ка­раштуу. Каракол суусунун боюнда деңиз деңг. 2300 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш-нан 51 км батыш тарапта. Балык­чы т. ж. бекетинен 111 км. Калкы 1001 (2010); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.