КАРА-КУЛЖА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:33, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (Kadyrm moved page КАРА-КУЛЖА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ\ to КАРА-КУЛЖА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ without leaving a redirect) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КУЛЖА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ– дары­ланууга ж-а ичүүгө жарамдуу муздак суу була­гы. Ош обл-нун Кара-Кулжа р-нунда, Кара-Кул­жа суусунун оң өйүзүндө, Муз-Төр ж-а Уйгум сууларынын аралыгында. Деңиз деңг. 2700– 2900 м бийикте. Булак жерг. элге илгертен бел­гилүү. 1953-ж. геол. маалымат берилген. Аймак­ты карбон мезгилинде пайда болгон кумдук, сланец, акиташ теги түзөт. Бул тектер бүктө­лүүгө учурап, ири антиклиналдуу түзүлүштү пай­да кылган. Булак антиклиналдуу бүктөлүштүн түн. канатындагы тектон. жаракадан агып чы­гат. Суу тунук, көмүр кычкыл газдуу, бир аз туз даамданат. Темп-расы 8–9°С. Курамы б-ча гид­рокарбонат-хлорит-натрийлүү. Дебити 1 л/сек. Ичеги-карын ооруларын дарылоого болот.