КАРА-КУЛЖА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-КУЛЖА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ– дарыланууга ж-а ичүүгө жарамдуу муздак суу булагы. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда, Кара-Кулжа суусунун оң өйүзүндө, Муз-Төр ж-а Уйгум сууларынын аралыгында. Деңиз деңгээлинен 2700–2900 м бийикте. Булак жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1953-жылы геологиялык маалымат берилген. Аймакты карбон мезгилинде пайда болгон кумдук, сланец, акиташ теги түзөт. Бул тектер бүктөлүүгө учурап, ири антиклиналдуу түзүлүштү пайда кылган. Булак антиклиналдуу бүктөлүштүн түндүк канатындагы тектоникалык жаракадан агып чыгат. Суу тунук, көмүр кычкыл газдуу, бир аз туз даамданат. Температурасы 8–9°С. Курамы боюнча гидрокарбонат-хлорит-натрийлүү. Дебити 1 л/сек. Ичеги-карын ооруларын дарылоого болот.