КАРА-ЖЫЛГА МАРГАНЕЦ КЕНИ
КАРА-ЖЫЛГА МА́РГАНЕЦ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нунда, Таш-Көмүр ш-нан 15 км түндүктө, Бозбу-Тоодо жайгашкан. Кен 1950-ж. ачылып, геол. иштер жүргүзүлгөн. Кен аймагы девон мезгилинде пайда болгон акиташ, фельзит, альбитофир, кварцтуу порфир ж-а алардын туфтарынан түзүлгөн. Акиташ м-н эффузивдердин тийишкен жерин бойлоп марганец кенташынантурганүчучасткасозулупжатат.1-участка уз. 60 м, туурасы 27 м; 2-участка – уз. 15 м, туурасы 0,5 м; 3-участка – уз. 15 м, туурасы 4 м. Кенташ кварц, кальцит, пиролюзит минералдарынан турат. Марганецтин орт. өлчөмү 14,4%. Кенташтын болжолдуу запасы 1728 миң т, марганецтики – 248,8 миң т.