КАРА-ЖЫЛГА МАРГАНЕЦ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ЖЫЛГА МА́РГАНЕЦ КЕНИ Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, Таш-Көмүр шаарынан 15 км түндүктө, Бозбу-Тоодо жайгашкан. Кен 1950-жылы ачылып, геологиялык иштер жүргүзүлгөн. Кен аймагы девон мезгилинде пайда болгон акиташ, фель­зит, альбитофир, кварцтуу порфир ж-а алардын туфтарынан түзүлгөн. Акиташ м-н эффузивдер­дин тийишкен жерин бойлоп марганец кента­шынан турган үч участка созулуп жатат.1-участ­ка узундугу 60 м, туурасы 27 м; 2-участка – узундугу 15 м, туурасы 0,5 м; 3-участка – узундугу 15 м, туурасы 4 м. Кенташ кварц, кальцит, пиролюзит минерал­дарынан турат. Марганецтин орточо өлчөмү 14,4%. Кенташтын болжолдуу запасы 1728 миң т, мар­ганецтики – 248,8 миң т.