КАРА-ДӨБӨ (Кадамжай районундагы кыштак)
КАРА-ДӨБӨ – Баткен обл-нун Кадамжай р-нундагы кыштак. А. Масалиев атн. айыл округуна караштуу. Кадамжай – Кызыл-Кыя автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 930 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-нан 34 км чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 7 км. Калкы 3572 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, мад-т үйү, бала бакча, мончо, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануучу жайлар иштейт. В. И. Ленинге барельеф ж-а Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.