КАРА-ДӨБӨ (Кадамжай районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-ДӨБӨ – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. А. Масалиев атындагы айыл округуна караштуу. Кадамжай – Кызыл-Кыя автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 930 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-тагынан 34 км чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 7 км. Калкы 3375 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, бала бакча, мончо, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамактануучу жайлар иштейт. В. И. Ленинге барельеф ж-а Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.