КЕМЕР (белге кур­чалуучу кур)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕМЕР – сырт кийимдин тышынан белге кур­чалуучу кур. Ал жогорку сапаттагы кайыштан жазылыгы алакандай жасалат. К. кыргыздар­дын салттуу турмушунда адамдын бир курак-

Күмүш кемерлер.

тан экинчи куракка өткөнүн билгизет. Аны жигит курагына киргенден баштап курчанышат.
К. – жигиттик намыстын, жоопкерчиликтин, тайманбастыктын белгиси. Жасалышына карай жөнөкөй К., күмүш К. деп бөлүнгөн. Тогоосу те­мирден жазы жасалып, кайыштын сырткы бе­тине көркөмдөлүп, күмүш чаптырылат.