КЕМЕР (белге курчалуучу кур)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕМЕР – сырт кийимдин тышынан белге курчалуучу кур. Ал жогорку сапаттагы кайыштан жазылыгы алакандай жасалат. Кемер кыргыздардын салттуу турмушунда адамдын бир курактан экинчи куракка өткөнүн билгизет. Аны жигит курагына киргенден баштап курчанышат.

Кемер – жигиттик намыстын, жоопкерчиликтин, тайманбастыктын белгиси. Жасалышына карай жөнөкөй кемер, күмүш кемер деп бөлүнгөн. Тогоосу темирден жазы жасалып, кайыштын сырткы бетине көркөмдөлүп, күмүш чаптырылат.