КАРА МОЮЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА МОЮЛ (Rhamnus) – өсүмдүктөрдүн кру­шиналар тукумундагы уруусу. Жалбырагы жөнөкөй, кезектешип, тушташ же топтошуп жайга шкан.
Гүл ү май да, би р, к ээде 2 жыныстуу, ча­чыдай , шы­пыргыдай топ гүлдү түзөт.

Мөмөсү сөөкчө­дөй, ширелүү, уругу сүйрү. Жер бетинде 140тай түрү бар. Европа, Африка, Азия, Сибирь, Ы. Чы­гышта кездешет. Кырг-нда 3 түрү бадал арасын­да, тоодо өсөт. Ич алдырма К. м. Кырг-ндын бардык аймактарында кездешет. Кооз өсүмдүк. Бышкан мөмөсү кайнатылып, ич алма ж-а кус­тургуч дары катары пайдаланылат. Жалбы­рагында С витамини, кабыгында өңдөгүч зат болот.