КАРА МОЮЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА МОЮЛ (Rhamnus) – өсүмдүктөрдүн кру­шиналар тукумундагы уруусу. Жалбырагы жөнөкөй, кезектешип, тушташ же топтошуп жайгашкан. Гүлү майда, бир, кээде 2 жыныстуу, ча­чыдай , шы­пыргыдай топ гүлдү түзөт.

Мөмөсү сөөкчө­дөй, ширелүү, уругу сүйрү. Жер бетинде 140тай түрү бар. Европа, Африка, Азия, Сибирь, Ыраакы Чы­гышта кездешет. Кыргызстанда 3 түрү бадал арасын­да, тоодо өсөт. Ич алдырма кара моюл Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет. Кооз өсүмдүк. Бышкан мөмөсү кайнатылып, ич алдырма ж-а кус­тургуч дары катары пайдаланылат. Жалбы­рагында С витамини, кабыгында өңдөгүч зат болот.