КАРА МЕТАЛЛУРГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:47, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА МЕТАЛЛУРГИ́Я – чоюн, болот, прокат, феррокуйма, чоюн менен болоттон даярдалуучу түтүктөрдү, темир буюмдарын өндүрүүчү оор өнөр жай тармагы. Машина курууда, курулуш ма­териалдарын чыгарууда, эл чарбасын техника менен жабдууда зор роль ойнойт. Мында Карап металлургиянын негизги сырьёсу болуп, темир кенташтары менен кокстуу көмүр эсептелет. Кенташты эритүүдө жана эришин тездетүүдө марганец кенташы кол­донулат. Өндүрүлгөн металлга өзгөчө сапат берүү үчүн ар кандай кошулмалар керектелет. Темир кенташтары Россия (Урал, Сибирь), Украина (Кузбасс, Кривой Рог), Казакстан, Америка Кошмо Штаттары, Герма­ния, Англия, Францияда көп кездешет.


Ад.: Чёрная металлургия СССР. М., 1967; Казанец И. П. Чёрная металлургия на рубеже новой пятилетки. М., 1971.