КАРА МЕТАЛЛУРГИЯ
КАРА МЕТАЛЛУРГИ́Я – чоюн, болот, прокат, феррокуйма, чоюн менен болоттон даярдалуучу түтүктөрдү, темир буюмдарын өндүрүүчү оор өнөр жай тармагы. Машина курууда, курулуш материалдарын чыгарууда, эл чарбасын техника менен жабдууда зор роль ойнойт. Мында кара металлургиянын негизги сырьёсу болуп, темир кенташтары менен кокстуу көмүр эсептелет. Кенташты эритүүдө жана эришин тездетүүдө марганец кенташы колдонулат. Өндүрүлгөн металлга өзгөчө сапат берүү үчүн ар кандай кошулмалар керектелет. Темир кенташтары Россия (Урал, Сибирь), Украина (Кузбасс, Кривой Рог), Казакстан, Америка Кошмо Штаттары, Германия, Англия, Францияда көп кездешет.


Ад.: Чёрная металлургия СССР. М., 1967; Казанец И. П. Чёрная металлургия на рубеже новой пятилетки. М., 1971.