КИРОВ шаары

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́РОВ (1781-ж. чейин Х л ы н о в, 1934-ж. чейин В я т к а) – Россиядагы шаар (1708-жыл­дан). Киров обл-нун адм. борбору. Вятка д-нда­гы порт. Калкы 464,6 миң (2008). Ири автомо-


биль ж-а т. ж. тоому. Аэропорту бар. Алгач Вятка д-нын оң жээгинде жайгашып, Вятка аталган. 1489-ж. Россия мамлекетинин курамы­на кирген. Сибирь (1708–27) ж-а Казан (1727– 80) губернияларындагы шаар. Вятка провин­циясынын адм. борбору (1719–80). 19–20-к-дын башында саясий сүргүн жайы болгон. К-до А. И. Герцен, А. Л. Витберг ж-а Ф. Ф. Павлен­ков, А. И. Герцен сүргүндө болушкан. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде маанилүү тыл бор­бору болуп, бул шаарга бир нече ири ө. ж. иш­каналары [а. и. «Красный инструментальшик» (азыр КРИН аспап) з-ду ж-а Коломна паровоз куруу з-ду] эвакуацияланган. Ноговицынск (б. з. ч. 7–3-к.) ж-а Чижевск (8–3-к.) шаар чал­дыбарлары, Ыйык-Успенье Трифон эркектер мо­настырь ансамбли беш башкы Успенье собору м-н (1684–89), Благовещенье, Троица чиркөөлөрү, классицизм стилиндеги турак жайлар (18–19-к.) сакталган. С. Я. Машковцевдин (1792–96), Жма­киндердин (1815) чарбагы, көпөс Я. А. Прозо­ровдун үйү (1871–72) ж. б. сакталган. Ө. ж-нын негизги тармактары: машина куруу (а. и. ста­нок ж-а прибор куруу), электр-тех., металл иштетүү, микробиология, жыгаччылык, булгаа­ры–бут-кийим («Артэкс»), кебез-кездеме («Вят­ка-текс»), «Новая Вятка» жыгач такталар ком­бинаты, тамак-аш («Здрава», «Вятушка»). Чопо оюнчуктар өндүрүшү («Комтех») иштейт. Жети ИИИ (пед., политех., а. ч.), ЖОЖдордун фи­лиалдары (финансы-экон. ж-а мед.), калк ки­тепканалары, музейлер (сүрөт, край таануу, вят­калык көркөм кол өнөрчүлөрдүн, К. Э. Циолков­ский атн. авиа ж-а космонавтика), А. С. Грин­дин, М. Е. Салтыков-Щедриндин үй-музейлери, театрлар (драма, куурчак ж. б.), филармония, камералык оркестр бар. Ботан. бак ж-а плане­тарий уюштурулган. Сов. мамл. ж-а парт. иш­мер С. М. Кировдун ысмынан аталган.