КИНОФИЛЬМДИ КУРАШТЫРУУ
КИНОФИ́ЛЬМ КИНОФИЛЬМДИ КУРАШТЫРУУ , к. Фильм. – фильмди түзүүдөгү чыг-лык ж-а тех. процесс. Мында тартылган киноматериалдардан же кураштырма кадрдан тандоо, ылайыкташтыруу ж-а туура келтирүү аркылуу кураштырып кинофильм түзүлөт. Бул процесс фильмдин драматургиялык ж-а тема түзүлүшүнө байланыштуу болуп, анын сценарийи же киного тартуу планы м-н белгиленет. К. к. фильмдин сценарийине толук туура келип, кадрдын масштабы, эпизоддун жүрүшү, декорациянын көрүнүшү ж-а үндүн угулушу бири-бирине шайкеш келгендей талапта аткарылат. К. к. төмөнкү ырааттуулукта иштелет: позитив болуп тартылган кинотасма ж-а фонограммалуу магнит тасмасы көрүүгө даярдалат; кинотасма бөлүк-бөлүк жабыштырылып, белги коюлат, сүрөт м-н үн бири-бирине дал келтирилет. Эпизоддордун тандалып алынган дублдарынан сцена ж-а сюжет түзүлөт. Андан кийин кураштырылган эпизоддор фильмдин бүткүл сюжети б-ча ырааттуулук м-н каралып чыгат да, керектүү жазуулары жазылат. Мурда 3–5 ммлик магнит тасмасына жазылган үн фонограммасы бир тасмага көчүрүлүп, кинофильмдин эки тасмага (бирине сүрөт түшүрүлгөн, экинчисине үн) жазылган жумушчу нускасы түзүлөт. Ал кинотасма иштетүүчү цехке берилип, ошол б-ча негатив жасалып, андан сүрөт ж-а фонограмма бир тасмага түшүрүлгөн позитив алынат. Бул иштер киностудиянын кураштыруучу ж-а үн цехтеринде аткарылат. Телефильмдер да ушундай даярдалат.