КИНОФИЛЬМДИ КУРАШТЫРУУ
КИНОФИЛЬМДИ КУРАШТЫРУУ – тасманы түзүүдөгү чыгармачылык жана техникалык процесс. Мында тартылган киноматериалдардан же кураштырма кадрдан тандоо, ылайыкташтыруу жана туура келтирүү аркылуу кураштырып кино тасма түзүлөт. Бул процесс тасманын драматургиялык жана тема түзүлүшүнө байланыштуу болуп, анын сценарийи же киного тартуу планы менен белгиленет. Кинофильмди кураштыруу тасманын сценарийине толук туура келип, кадрдын масштабы, эпизоддун жүрүшү, декорациянын көрүнүшү жана үндүн угулушу бири-бирине шайкеш келгендей талапта аткарылат. Кинофильмди кураштыруу төмөнкү ырааттуулукта иштелет: позитив болуп тартылган кино тасма жана фонограммалуу магнит тасмасы көрүүгө даярдалат; кино тасма бөлүк-бөлүк жабыштырылып, белги коюлат, сүрөт менен үн бири-бирине дал келтирилет. Эпизоддордун тандалып алынган дублдарынан сцена жана сюжет түзүлөт. Андан кийин кураштырылган эпизоддор тасманын бүткүл сюжети боюнча ырааттуулук менен каралып чыгат да, керектүү жазуулары жазылат. Мурда 3–5 ммлик магнит тасмасына жазылган үн фонограммасы бир тасмага көчүрүлүп, кино тасманын эки тасмага (бирине сүрөт түшүрүлгөн, экинчисине үн) жазылган жумушчу нускасы түзүлөт. Ал кино тасма иштетүүчү цехке берилип, ошол боюнча негатив жасалып, андан сүрөт жана фонограмма бир тасмага түшүрүлгөн позитив алынат. Бул иштер киностудиянын кураштыруучу жана үн цехтеринде аткарылат. Телетасмалар да ушундай даярдалат.