КИМ ИР СЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИМ ИР СЕН , К и м С о н Ч ж у (15. 4. 1912, Пхеньянга жакын Мангёндэ кыш. – 8. 7. 1994, Мёхянсан, сөөгү салынган саркофаг Пхеньян­дагы резиденциясына орнотулган) – Корея

Элдик Демокр. Респ-нын (КЭДР мамл. ж-а саясий ишмери; Түн. Корея мамле­кетинин негиздөөчүсү. КЭДР маршалы (1953). 3 жолку

КЭДР Баатыры (1958, 1972, 1987). 1926-ж. Гирин ш-нда орто мектепте окуп жүргөндө эле комсомолдук жашы­руун уюмга кирип, окуучу­лардын рев-ялык кыймы­лын башкарган. 1929-ж. рев-ялык иши үчүн камалып, андан бошогон­дон кийин (1930) Гиринде комсомолдун округ­дук к-тинин секретары болгон. 1931-ж. Кытай КПнин катарына өткөн. 1932-ж. апрелде Коре­янын партизан отрядын уюштурган, кийин ал элдик рев-ялык армияга айланып, К. И. С-дин же­текчилиги м-н Түн.-Чыгыш Кытайда ж-а Ко­реянын түн. аймактарында япон баскынчыла­рына каршы активдүү күрөшкөн. Корея бошо­тулгандан кийин К. И. С. Корея КП Түн. кореялык Уюштуруу бюросунун 1-секретары (1945), Түн. Корея Убактылуу элдик к-тинин (1946), Түн. Корея Демокр. улуттук биримдик фронтунун БКсынын (1946–49), Түн. Корея Эл­дик к-тинин төрагасы (1947, февраль – 1948, сен­тябрь). КЭДР министрлер кабинетинин төрага­сы (1948, сентябрь – 1972, декабрь). 1972-ж. КЭДРдин жаңы конституциясы кабыл алынган­да президенттикке шайланган (1972–94). 1966- жылдан КЭП БКнын Генералдык секретары. Эки Ленин, Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.


Чыг.: Избр. произведения. М., 1987.