КИМ ИР СЕН
КИМ ИР СЕН , К и м С о н Ч ж у (15. 4. 1912, Пхеньянга жакын Мангёндэ кыштагы – 8. 7. 1994, Мёхянсан, сөөгү салынган саркофаг Пхеньяндагы резиденциясына орнотулган) – Корея

Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР мамлекеттик ж-а саясий ишмери; Түндүк Корея мамлекетинин негиздөөчүсү. КЭДР маршалы (1953). 3 жолку КЭДР Баатыры (1958, 1972, 1987). 1926-жылы Гирин шаарында орто мектепте окуп жүргөндө эле комсомолдук жашыруун уюмга кирип, окуучулардын революциялык кыймылын башкарган. 1929-жылы революциялык иши үчүн камалып, андан бошогондон кийин (1930) Гиринде комсомолдун округдук комитетинин секретары болгон. 1931-жылы Кытай КПнин катарына өткөн. 1932-жылы апрелде Кореянын партизан отрядын уюштурган, кийин ал элдик революциялык армияга айланып, Ким Ир Сендин жетекчилиги м-н Түндүк-Чыгыш Кытайда ж-а Кореянын түндүк аймактарында япон баскынчыларына каршы активдүү күрөшкөн. Корея бошотулгандан кийин Ким Ир Сен Корея КП Түндүк кореялык уюштуруу бюросунун 1-секретары (1945), Түндүк Корея Убактылуу элдик комитетинин (1946), Түндүк Корея Демократиялык улуттук биримдик фронтунун БКсынын (1946–49), Түндүк Корея Элдик комитетинин төрагасы (1947, февраль – 1948, сентябрь). КЭДР министрлер кабинетинин төрагасы (1948, сентябрь – 1972, декабрь). 1972-жылы КЭДРдин жаңы конституциясы кабыл алынганда президенттикке шайланган (1972–94). 1966-жылдан КЭП БКнын Генералдык секретары. Эки Ленин, Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.
Чыг.: Избр. произведения. М., 1987.