КИЛЕМ ТОКУУ
КИЛЕМ ТОКУУ – колдо же машина м-н килем даярдоо процесси. К. т. – илгертен келе жаткан кол өнөрчүлүк. Алгач ал мал чарбачылыгы м-н кесиптенишкен элдерде пайда болгон. Бул кыргыз калкына да эзелтен тааныш. Килем түктүү ж-а түксүз болот. Килем түгү кыркылган же кыркылбай түймө түрүндө болушу мүмкүн (1-сүрөт). Кол м-н токулганда түрдүү түстөгү жиптерди ар бир эриш жибине чалуу аркылуу килемдин түгү жасалат. Алар көбүнчө кош чалымдуу, кээде бир чалымдуу түймө түрүндө болот да, учу бетине чыгарылып, анан кыркылып ташталат (2-сүрөт). Катар жаткан бир өңчөй түймөчөлөрдөн кийин аркак жиби жүргүзүлүп, ал алдынкыларына карай адыргы тарак м-н ныктап урулат. Түк үчүн жүндөн ийрилген жип (кээде жибек жип), ал эми эриш ж-а аркагына кебез жип колдонулат. Көбүнчө көп түстүү килем үчүн кебез эриш жибинин ордуна ичке жибек жип алынат. Килемди машина м-н токуу 1825-ж. Европада пайда болгон. Буга 1806-ж. Жаккар ойлоп тапкан машинанын түстүү кездеме ж-а К. т-га пайдаланылгандыгы түрткү болгон. Кол м-н токулган килемге караганда машина м-н токулган килемдин бышыктыгы, көркөмдүк сапаты бир аз төмөнүрөөк болгондугуна карабастан, сырткы түрү жагынан андан кем калышпайт, машина м-н килем токууда иштин өндүрүмдүүлүгү жогорулап, продукциянын өздүк наркы төмөнүрөөк болот. Килемчи кол м-н жылына 10–12 м2 килем токуса, машина м-н саатына 4–5 м2 токулат. Машина килеми даярдоо шартына ж-а түрүнө жараша Жаккар машинасында токулган, кош тилкелүү, тигилме түктүү ж. б. болуп айырмаланат. Жөнөкөй түксүз килем үчүн бир катар эриш ж-а аркак жиптер пайдаланылат. Түктүү килемде эки же үч катар эриш


ж-а аркак жиптери болот. Мындагы аркак жиптер өз эриш жиптери м-н гана эмес, жанаша эриш жиптер м-н да илинишет. Түк бетине гана түшүрүлөт. Машина м-н килем токууда негизги эриш жип үчүн кебез жип, түк үчүн жүн жип колдонулат. Килем токулуп бүткөндөн кийин ар түрдүү кошумча иштер аткарылып, килемдин түгү кыркылат, ысык бууга кармалат, чети кайылат же чачы тагылат ж. б.