КЕРМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:49, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРМА́Н – Ирандын түш.-чыгышындагы шаар.
Керман останынын (адм.-айм. бирдик) адм. бор­бору. Кухбенан кырка тоосунун этегинде, деңиз деңг. 1900 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 521,7 миң (2008). Жолдор тоому. Кум – Керман т. ж-нун акыркы пункту. Аэропорту бар. Ал­гач Геродоттун эмгектеринде эскерилет. 1298-ж. «Марко Поло китебинде» сүрөттөлгөн. 1720-ж. афгандардын убактылуу бийлиги үстөмдүк кыл­ган. 1791–94-ж. курддар династиясынын акыр­кы резиденциясы. 1842-ж. кажарлар бийлиги­не каршы Ага-хан I жетекчилик кылган исмаи­литтер көтөрүлүшүнүн борбору болгон. Үч кум­палуу Шах (11–12-к.), Соборлуу (14-к.) ж-а Па- Менар (1390) мечиттери, Кожо-Атабек мавзолейи (12-к.), Гомбеде-Жабалие мунарасы, Ибрагим­хан медресеси (1816–17) ж-а Вакиль базары (19- к-дын 2-жарымы) сакталган. Ун-т, музей (эт­ногр. ж. б.) бар. Текстиль (жүн кездеме), та­мак-аш, курулуш материалдар ө. ж. ж-а хна өндүрүшү ж-а К-га жакын жерде жез иштетүүчү комбинат (Серчешме) иштейт. Салттуу кустар­дык өндүрүшү ж-а кол өнөрчүлүк (килем токуу, көркөм карапа ж. б.) өнүккөн. К-нын айла­насынан таш көмүр, темир казылып алынат. К-дан 35 км түштүктө Нуроддин Ниматолла мав­золейи (19-к.; Махан шаар айланасында) ж-а Жебели-Санг кумпалуу мавзолейи (таштан ку­рулган; 1213) жайгашкан.