КЕРМАН
КЕРМА́Н – Ирандын түштүк-чыгышындагы шаар. Керман останынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Кухбенан кырка тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 1900 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 573,4 миң (2012). Жолдор тоому. Кум – Керман темир жолунун акыркы пункту. Аэропорту бар. Алгач Геродоттун эмгектеринде эскерилет. 1298-жылы «Марко Поло китебинде» сүрөттөлгөн. 1720-жылы афгандардын убактылуу бийлиги үстөмдүк кылган. 1791–94-жылдарда курддар династиясынын акыркы резиденциясы. 1842-жылы кажарлар бийлигине каршы Ага-хан I жетекчилик кылган исмаилиттер көтөрүлүшүнүн борбору болгон. Үч кумпалуу Шах (11–12-кылымдар), Соборлуу (14-кылым) ж-а Па-Менар (1390) мечиттери, Кожо-Атабек мавзолейи (12-кылым), Гомбеде-Жабалие мунарасы, Ибрагимхан медресеси (1816–17) ж-а Вакиль базары (19-кылымдын 2-жарымы) сакталган. Университет, музей (этнографиялык ж. б.) бар. Текстиль (жүн кездеме), тамак-аш, курулуш материалдар өнөр жай ж-а хна өндүрүшү ж-а Керманга жакын жерде жез иштетүүчү комбинат (Серчешме) иштейт. Салттуу кустардык өндүрүшү ж-а кол өнөрчүлүк (килем токуу, көркөм карапа ж. б.) өнүккөн. Кермандын айланасынан таш көмүр, темир казылып алынат. Кермандан 35 км түштүктө Нуроддин Ниматолла мавзолейи (19-кылым; Махан шаар айланасында) ж-а Жебели-Санг кумпалуу мавзолейи (таштан курулган; 1213) жайгашкан.